Илим
11 Август 2025
2025-жылдын 1–2-августунда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Борбор Азиянын медициналык коомчулугу үчүн маанилүү окуя болуп өттү. Тажикстандык кесиптештердин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын жана Россиянын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук травматология жана ортопедия борборунун директору, Кыргыз травматолог-ортопеддер ассоциациясынын президенти, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы Сабырбек Жумабеков муундар жана сөөктөр ооруларын хирургиялык дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча мастер-класстардын сериясын өткөрдү.
Иш-чара Мамлекеттик оорукананын жана «Димаед» жеке клиникасынын базасында, кафедранын ассистенттери Максат Айтымбетов жана Азат Шералиев менен биргеликте өттү.

Мастер-класстын программасында төмөнкү темалар боюнча алдыңкы хирургиялык ыкмалар көрсөтүлдү:
•Жамбаш жана тизе муундарынын патологиясында заманбап хирургиялык дарылоо ыкмалары
•Төмөнкү бут сөөктөрүн узартуу
Эки күндүк иш-чаранын алкагында жаңы технологияларды колдонуу менен 10дон ашык татаал операция жасалды. Хирургиялык жардам төмөнкү диагноздор менен кайрылган бейтаптарга көрсөтүлдү: жамбаш жана тизе муундарынын деформациялоочу остеоартрозу, сан сөөгүнүн башынын асептикалык некрозу, төмөнкү бут сөөктөрүнүн кыскарышы, крест түрүндөгү байламталардын жабыркашы жана тизе менискинин айрылышы.
Профессор Жумабековдун айтымында, мындай иш-чаралар заманбап дарылоо ыкмаларын клиникалык практикада колдонууга гана эмес, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана аймактагы адистердин квалификациясын жогорулатууга да өбөлгө түзөт.